ВС, 29 июня 17:27
32.2°C Бишкек
USD: 87.39 EUR: 102.33 CNY: 12.19 KZT: 0.16 RUB: 1.11

Аден Турусбеков

пресс катчы

23-июлда Баткен облусунун ар кайсы аймагынан келген жүздөй киши облустук акимчилик астына жыйналып, губернатор Султанбай Айжигитовдун иши начар болуп жаткандыгын, Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан пайдаланып жаткан газ, мунай куурларын Кыргызстанга кайтарып алуу, чек ара маселелерин чечүү үчүн облус башына мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди алып келүү талаптарын айтышты. Облус жетекчиси жыйында болгондуктан чогулгандар менен түштөн кийин гана жолугуша алды.

Баткен районунун Самаркандек айылынан келген Мурат Маматов облусту Мамат Айбалаев жетектесе Өзбекстан пайдаланып жаткан көгүлтүр отун жана мунай чыккан жерди өлкөгө кайтармак деген пикирде:

— Бүргөндүдө нефт, газ бар. Айбалаев болгондо Өзбекстан пайдаланган биздин кен байлыктарды эсептеп чыгып, мойнуна коюп төлөйсүң демек. Биздин облуска ошол жерден чыккан газ менен мунай жетмек.